13 июнь 2025

Кароолор: (23)

“ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ” АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

 Ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

 Рейддин жүрүшүндө соода-сатык иштеринде, унаа оңдоочу жайларда иштеп жаткан 17 өспүрүм аныкталып, адистер тарабынан ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана айып пул салынды.

 Рейддин максаты - өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык, физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө жана коопсуздук чараларын көзөмөлгө алуу болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз