13 февраль 2024
Кароолор: (58)
“Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү

Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү.
Ага Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынды.
Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 15 бала эмгекке тартылып, иштеп жаткандыгы аныкталды. Алардын ата-энелери жана жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган рейддин максаты - коомдук жайларда, соода-сатык дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана оор жумуш менен алектенген башка жайларда иштеп жаткан жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз