03 апрель 2023
Кароолор: (55)
Элге шарт түзбөсө, "Береке" базары убактылуу жабылат

Мындай пикирин бүгүн, 1-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Береке" базарынын ээлери жана сатуучулары менен болгон жолугушууда билдирди. Шаар башчысы белгилегендей, бул кадамга барууга аталган базардын сатуучулары менен кардарлар тарабынан ыңгайлуу шарттардын жоктугу боюнча даттануулары негиз болгон.
Белгилей кетсек, аталган базарда суу өтүүчү арыктарды соодагерлер жаап алган жана ички жолдору талапка жооп бербейт. Мындан сырткары унаа токтотуучу жайлары да жетишсиз.
Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен базардын жетекчилигине 10-апрелге чейин мөөнөт берилип, кардарлар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү талабы коюлду. Талап аткарылбаса, "Береке" базары 10-апрелден тартып жабылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз