18 март 2025

Кароолор: (42)

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ТАРИФТЕРИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

 17 -мартта Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында 2025-2030-жылдарга электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын жаңы токтом долбоору боюнча жыйын болуп өттү.

 Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэриянын тийиштүү кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин өкүлү Бакыт Асанбаев, Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин өкүлү Замирбек Маматов жана Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов жана тийиштүү жетекчилер катышты.

 Жыйында КРнын Министрлер Кабинетинин жаңы токтом долбооруна киргизилип жаткан сунуштар тууралуу сөз болуп, электр энергиясынын балансы, жалпы чыгымдары, көйгөйлөрү айтылды.

 Эскерте кетсек, мындай жыйындар “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймактарында 2025-жылдын 20-мартына чейин улантылмакчы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз