02 октябрь 2023

Кароолор: (59)

Эл өкүлү карыяларды куттуктады

 Бүгүн, 2-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Искендер Мейманкулов шаардагы 30га жакын карыяларды 1-октябрь - “Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө” карата куттуктап, азык-түлүк салынган баштыкчаларды тапшырды.

Эл өкүлүнүн мындай камкордугуна ыраазы болгон карыялар эл уулуна баталарын беришти.

Белгилей кетсек, мындай саамалыкты эл өкүлү жыл сайын уюштуруп келет. Быйыл да салтка айланган жөрөлгөнү улантып, ардагер аталардын, апалардын алкышына ээ болду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз