26 декабрь 2022

Кароолор: (420)

Эл өкүлү Айзат Раматиллаева шайлоочулар менен жолугушту

 «Ата -Журт Кыргызстан» партиясынан шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, Айзат Раматиллаева “Достук” аймактык башкаруусунун тургундары жана кварталдык комитеттин башчылары менен жолугушуп, бир жыл аралыгында өзү шайланып барган участкада шайлоочулар тарабынан берилген сунуш-талаптардын аткарылышы жана кошумча аткарылган жумуштар ошондой эле 2023-жылга карата аткарылуучу иш-пландары тууралуу маалымат берди.

Белгилүү болгондой, эл өкүлүнүн демилгеси менен 2022-жыл ичинде эң маанилүү болгон шаардагы Тоголок Молдо жана Островский көчөлөрүнө жана №8 мектепке 1,5 км аралыка саркынды суу түтүкчөлөрү тартылган. Учурда №8 мектептин сырткы фасадын жасоо жумуштары жүрүүдө. Мындан сырткары, муниципалдык өзүн-өзү каржылоо долбоорунун алкагында канализациясы жок көчөлөргө жашоочулар менен жолугушуулар уюштурулуп, саркынды суу түтүктөрүн тартуу боюнча жумуштары алынып барылган.

Ошондой эле ВЛКСМ, Стрелковый, Т.Байзаков көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн. Тургундар эл өкүлүнө аткарылган жумуштар үчүн ыраазычылык билдирип, бир катар сунуш-пикирлерин айтышты.

Жолугушуудан соң, жаңырган жылда жергиликтүү бюджеттен аткарууга алына турган бир катар курулуш объектилерди тиешелүү жетекчилер менен жеринде көрүп чыкты. Анда Дзержинский, Т.Байзаков, Чехов, Грибоедов көчөлөрүнө асфальт төшөө жана темир-бетон арыктарын жаткыруу жумуштарын жүргүзүү зарылдыгы бар экендиги, Гоголь жана Гоголь туюк көчөлөрүндө жамоо иштери колго алынуусу керек экенидиги белгиленди.

Белгилей кетсек, эл менен болгон мындай жолугушуулар алдыда дагы улантылмакчы. Ал эми тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү эл өкүлү шаардык кеңештин сессиясына алып чыгууну убадалады.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз