02 август 2023
Кароолор: (66)
Эл өкүлдөрү «Жергиликтүү лидерлер натыйжалуу өзгөрүштөргө» аталышындагы конференцияга катышты.

28-30-июль күндөрү Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Бишкекте өткөн «Жергиликтүү лидерлер натыйжалуу өзгөрүштөргө» аталышындагы конференцияга катышты. Ага жалпысынан Кыргызстандагы 18 жергиликтүү кеңештин депутаттары барган.
Иш-чаранын алкагында 2023-жылга карата аткарылган долбоорлорго презентация жасалып, жер-жерлердеги шаардык кеңештердин аткарган иштери тууурасында таанышуу болду.
Мындан сырткары, жергиликтүү көйгөлөрдү чечүүдө депутаттар аткаруу бийлиги менен биргеликте тыгыз иш алып баруу жолдорун талкуулашты.
Конференция суроо-жооптор менен коштолду.
Жергиликтүү элдин суроо-талабын аткарууда, аларга көмөк көрсөтүүдө депутаттар элдин ишеничин актоо керек экендиги белгиленди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз