11 июль 2023
Кароолор: (70)
Эл өкүлдөрү Жалал-Абад шаарына караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы мектептин жана ФАПтын абалынан кабар алды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин төрайымы Буниса Мамадалиева баштаган депутаттар тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу Тоо-Кызыл-Суу айылындагы социалдык мекемелердин абалына мониторинг жүргүзүштү.
Жергиликтүү жашоочулар аталган айылдагы эскилиги жеткен мектепти бузуп, ордуна жаңы мектеп куруу зарылдыгын белгилешти. Ал эми ФАПка жылытуу системасын, имараттын ички жасалгасын оңдоо зарылчылыгы бар экени белгилүү болду.
Эл өкүлдөрү мектептин жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгилешип, аткаруу бийлигине бул маселени карап чыгууну тапшырмай болушту.
Белгилей кетсек, аталган айылда 500 дөн ашуун калк жашайт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз