11 апрель 2023

Кароолор: (53)

Эл өкүлдөрү “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү“ кайрымдуулук борборунун аткарып жаткан иш-аракети менен таанышты

 Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин туруктуу комиссия курамынын мүчөлөрү, Б. Мамадалиева, Н.Сыргабаева, Д. Досалиев жана Б. Анаркулов тиешелүү адистер менен биргеликте белгиленген иш-мерчемге ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» кайрымдуулук борборуна барышты.

Алгач, аз камсыз болгон жарандар үчүн күн сайын бир маал берилүүчү ысык тамактын сапатына көңүл бурушту. Анда тамак-аштар белгиленген нормада жана санитардык талапка ылайык даярдалып жатканына күбө болушту. Андан соң, №7 Алым Усман атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан борбордун кеңсесине баш багышты. Бекитилген штаттык бирдик боюнча 14 кызматкер болсо, эл өкүлдөрү барган учурда 7 кызматкер гана жумуш ордунда экени белгилүү болду. Ошондой эле, борборго кайрылгандар менен иш алып барууда психолог жана социалдык кызматкердин жок экендигине көңүл бурушту.

Эл өкүлдөрү аталган борбордун имаратын башка жайга жылдыруу маселесин алдыдагы сессияга алып чыгуу зарылдыгын белгилешип, жетекчисине кайрымдуулук борбордун ишин алдыга жылдыруу боюнча бир катар сунуш-пикирлерди айтышты.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз