10 февраль 2023
Кароолор: (391)
Эл өкүлдөрү тарабынан кызыл сызыка чыгып кеткен имараттарга жеринен мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн, 9-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн “Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш” боюнча комиссия мүчөлөрү тиешелүү жетекчилер менен биргеликте борбордук Ленин көчөсүндө курулган имараттардын кызыл сызыктан чыгып кеткен жер тилкелерин аныктоо үчүн жеринде мониторинг жүрүгүзүштү.
Белгиленген иш мерчемге ылайык, кыдыруу учурунда аталган көчөдөгү бир катар имараттар кызыл сызыктан чыгып, тротуарга чейин курулуштарды куруп алгандыгы маалым болсо, айрым ишкерлер ээлеп алган жерлер үчүн бюджетке акча төлөсө, айрымдарынын төлөбөй келгендиги белгилүү болду.
Мындан сырткары, “Бургер” тез татым жайында автоунаа токтотуучу жайынын жоктугу айтылып, жол белгилеринин коюлгандыгына карабай унаалар токтотулуп, баш-аламандыкты жаратып жаткандыгын эл өкүлдөрү белгилешти. Ошондой эле Автобекеттин ичиндеги муниципалдык жерди мамлекет үчүн иштетип , бюджетке акча түшүрүүнүн жолун табуу керектигин айтышты.
Мыйзамсыз курулуштар боюнча жеринде кароо жүргүзгөн эл өкүлдөрү бул багытта мыйзамдуу иштерди алып баруу үчүн тиешелүү жетекчилерге белгилүү мөөнөткө тапшырмаларды беришти.
Белгилей кетсек, алдыда мындай кыдыруулар шаардын башка көчөлөрүндө да улантылмакчы
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз