10 октябрь 2023
Кароолор: (238)
Эл өкүлдөрү тарабынан бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү

9-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин туруктуу комиссия курамынын төрайымы Нуржамал Сыргабаева баштаган эл өкүлдөрү тиешелүү адистер менен биргеликте, белгиленген иш- мерчемге ылайык, бала бакчалардын санитардык абалы, азык-түлүктөрдүн сакталуу нормалары, балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты жана кышка карата даярдыгы боюнча жеринде мониторинг жүргүзүштү.
Кыдыруу учурунда №1 Н.К. Крупская атындагы балдар бакчасынын кампасынын эскилиги жетип, авариялык абалда экендигине күбө болушту. Мындан сырткары, бакчанын короосундагы кооптуулук жараткан карт дарактарды кыйып салуу боюнча тапшырмалар берилди. Ал эми, №21 "Учкун" балдар бакчасына барган учурда бакчанын санитардык абалы, өрт коопсуздугу канаатандыраарлык эмес деп табылып, бакчанын айланасын иретке келтирүү боюнча иш алып барылбай жаткандыгын көргөн эл өкүлдөрү мекеме жетекчисине эскертүүлөрдү беришти.
№27 “Шүүдүрүм” балдар бакчасына балдар ойноочу аянтчага отургучтарды орнотуу зарылдыгы болсо, №14 “Ак тилек” жана №15 “Рябинушка” балдар бакчасынын короосуна асфальт басуу көйгөйү бар экендиги айтылды.
Ал эми №3 “Алтын бешик” жана №7 “Малышка” №8 “Теремок” балдар бакчасында балдарга берилүүчү тамак- аштын нормалары сакталбай жатканыдыгына күбө болушту. Жагдай боюнча комиссия курамы жетекчилерге жана ашпозчуларга эскертүүлөрдү беришти.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык балдар бакчасы болсо, аларда 4 миңден ашуун бала тарбияланат.
Алдыда бала бакчаларды кыдыруу улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз