28 март 2023
Кароолор: (57)
Эл өкүлдөрү шаардагы тигүү цехтеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты

Бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин "Өнөр жай, соода, айыл чарба жана байланыш" боюнча туруктуу депутаттык комиссия курамынын мүчөлөрү Г. Худайбердиева, А.Жоробаев, Н. Айдарова,
М.Апатаев тиешелүү адистер менен биргеликте белгиленген иш-мерчемге ылайык, шаардагы тигүү цехтеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Кыдыруу учурунда, "Баяна стиль”, “Нур и Ко”, “Чебер” тигүү цехтеринде жана “ Көзү азиздер жана дүлөйлөр” коомунда болушту. Өнөр- жай тармагы маанилүү тармактардын бири экендигине карабай, учурда тигүү цехтеринде жумуштун жай жүрүп жатканына күбө болушту.
Эл өкүлдөрү ишкерлердин көйгөйлөрүн жеринде угуу менен бирге бул тармакты өстүрүү боюнча , сунуш-пикирлерин беришти .
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жеңил өнөр-жай тармагы боюнча 80 ден ашуун жеке ишканалар ишмердүүлүк жүргүзүп, 300 дөн ашуун жумушчу орундары түзүлгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз