24 март 2023

Кароолор: (52)

Эл өкүлдөрү шаардагы Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жана шаардагы музейдин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү

 Бүгүн, 24-мартта  Жалал-Абад шаардык кеңешинин  социалдык комитетинин туруктуу комиссия курамынын  мүчөлөрү  Б. Мамадалиева, Ж.Кебекова Н.Сыргабаева  Д. Досалиев, жана Б. Каримовдор тиешелүү  адистер менен биргеликте белгиленген иш-мерчемге ылайык, Жалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү  жана жашылдандыруу чарбасынын күнөсканаларындагы гүлдөрдүн абалы  жана шаардагы Аймак таануу музейинин жүргүзүп жаткан иштери менен таанышып чыгышты.

Кыдыруу учурунда Көрктөндүрүү  жана жашылдандуруу чарбасынын күнөсканаларындагы гүлдөрдүн абалына тынчсыздануу менен бирге, шаардын көчөлөрүнө  гүл отургузуу  жумушутарынын  кечеңдеп жатканын баса белгилешти. Аталган мекеменин жетекчиси   Нурбек Айсариевге  шаарды көрктөндүрүү  боюнча сунуштарын  айтышып,  жылдагыдан өзгөчөлөнгөн кооз  гүлдөрдүн эгилүүсүнө жетекчи катары кызыктар болууга чакырышты.

 Депутаттар андан соң,  Жалал-Абад шаардык Аймак таануу музейинде  болушту.  Анда музейдин чарбалык иштеринин талапка ылайык жүргүзүлбөй жаткандыгын  жана  мекеменин айлана-тегерегинин таштандыга толуп кеткендигин сынга алышты.

 Жетекечиликке музейдин ишин жандандыруу жана чыгармачылык менен иш алып баруусу боюнча  сунуш-пикирлерди айтышып,  талаптарды коюшту.
 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз