15 декабрь 2023

Кароолор: (67)

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ МУНИЦИПАЛДЫК УНАА БАЗАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮШТҮ

 14-декабрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин "Өнөр- жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода" комиссиясынын төрайымы Гулмира Худайбердиева баштаган эл өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базарда болушту.

Анда унаа базардагы шарт-жагдайлар, жаан-чачын жааган учурда жаралган ыңгайсыздыктар, тарифтер боюнча маселелер көтөрүлдү. Унаа базардын шартын жакшыртуу, кардарларга ыңгайлуу шарттарды жаратуу боюнча тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.

Эске салсак, Спутник кичи районунда жайгашкан муниципалдык унаа базары 2021-жылдын 25-мартында ачылган. Ар жуманын шаршемби жана бейшемби күндөрү иштейт.

Аянты 3.2 гектарды түзүп, 1600дөй автоунаага ылайыкташкан.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз