17 октябрь 2023
Кароолор: (121)
Эл өкүлдөрү мектептерде ысык тамактын жана шашке чайдын берилүүсү, кышка карата даярдыгы боюнча мониторинг жүргүзүштү

16-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин туруктуу комиссия курамынын төрайымы Нуржамал Сыргабаева баштаган эл өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин адистери менен биргеликте билим берүү мекемелериндеги шашке чай жана ысык тамактардын берилүүсү, кышка карата даярдыгын билүү максатында кыдырууга чыгышты.
Кыдыруу учурунда мектептер кышка карата толугу менен даяр экендиги маалым болуп, №4 мектептин имаратынын эскилиги жетип, ажатканасы санитардык талапка жооп бербегендиги айтылды. Ал эми №1 М.Бабкин атындагы гимназия мектебинде жүрүп жаткан курулуш иштери окуучуларга кооптуу жагдайды жаратып жатканына күбө болушуп, жагдай боюнча мектеп жетекчилигине эскертүү беришти. Ошондой эле, аталган мектептин ашканасында санитардык нормалар сакталбай иштеп жатканына күбө болушту.
Мындан сырткары, №2 К.Закиров мектебинин имаратынын эскилиги көйгөй экени айтылса, №7 Алым Усман атындагы мектепте класстык бөлмөлөр жетишсиз болуп, эмеректер жаңыланууга муктаж экендиги, №22 мектептин ашканасын кышка карата жылуулоо зарылдыгы белгиленди.
Кыдырууга барган эл өкүлдөрү мектептерде чечилбей жаткан көйгөйгөйлөрдү жеринде көрүп жетишкендиктерине да күбө болушту. Ал эми айрым маселелерди шаардык кеңештин сессиясында каралаарын белгилешти.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп болсо, анын 13 дө бир маал ысык тамак берилет, ал эми 7 мектеп шашке чай менен камсыздалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз