15 февраль 2023

Кароолор: (390)

Эл өкүлдөрү Ленин көчөсүндө ишкерлигин жүргүзгөн жеке ишкерлер менен жолугушту

  Бүгүн, 14-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, “Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш” боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү, тиешелүү жетекчилер жана Ленин көчөсүндө ишкердик менен алектенген жеке ишкерлердин катышуусунда жыйын өттү. Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-февралында эл өкүлдөрү тарабынан аталган көчөдө кызыл сызыка чыгып кеткен имараттарга жеринен мониторинг жүргүзүлгөн болчу. Жыйынга менчик ээлери чакыртылып, алардын тиешелүү документтерин көрүштү. Анда бир катар талаш маселелер орун алды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары ар бир ишкердин пикирин угуп, шаардын кызыкчылыгы жана элге ыңгайлуу шартты жаратуу башкы орунда болушу керектигин айтышты. Белгилей кетсек, аталган көчөдө 15 тен ашуун имарат болгон болсо, айрым жеке менчик ээлери кызыл сызыктан чыгып, тротуарга чейин курулуштарды куруп алышкан. Кээ бир ишкерлер казынага акча каражатын төгүшсө, айрымдары ушул күнгө чейин төлөбөй келет. Шаардагы мындай баш аламандыкты жоюу үчүн, тиешелүү жетекчилерге белгилүү мөөнөткө тапшырмалар берилгенине карабай, бүгүнкү жыйынга катышкан жетекчилер талап кылынган документтерин көрсөтө алышкан жок. Эл өкүлдөрү жетекчилерге өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырып, депутаттар кеңейтилген жыйынга чогулду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз