25 март 2024

Кароолор: (58)

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ КАРЫЯЛАРДАН КАБАР АЛДЫ

23- мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев , эл өкүлдөрү Каныбек Маманов жана Тынчтыкбек Саматов Сузактагы улгайган жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемесине барышты.

Эл өкүлдөрү аталган мекемедеги карыяларга өз каражатынын эсебинен жалпы суммасы 40 миң сомдон ашуун каражатка турмуш-тиричилик буюмдарын , тамак-аш азыктарын тапшырышып,

мында эмгектенип жаткан кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалашты.

Мекеменин эмгек жамааты жана карыялар көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылыктарын билдиришип , эл өкүлдөрүнө ак баталарын беришти.

Белгилей кетсек, учурда аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана багар көрөрү жок 96 карыя күн кечирип келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз