05 апрель 2023

Кароолор: (57)

Эл өкүлдөрү эл менен жолугушту

 4- апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар эл менен жолугушту. Жолугушууга мэрдин орун басары Айбек Джолдошев жана шаардагы мекеме- ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Алгач, шаардык мэрия менен биргеликте 2022-жылда жасалган жумуштар жана 2023-жылы аткарылуучу жумуштардын планы видеотасма аркылуу көрсөтүлдү.

Андан соң жыйын суроо-жооп иретинде коштолуп, тургундар тарабынан таза суу, электр энергиясы, саркынды суу түтүктөрүн тартуу, билим берүү, тазалык маселесине байланышкан көйгөйлөр ортого салынды.

"Жыйында айтылган ар бир маселе көз жаздымда калбайт. Аткаруу бийлиги менен биргеликте жеринде чечүүнү колго алабыз",-деди шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрүнүн мындай жолугушуулары шаардык кеңештин жылдык иш планына ылайык, ар бир квартал сайын өткөрүлүп турмакчы.