01 февраль 2023
Кароолор: (68)
Эл өкүлдөрү борбордук базардын тамак-аш, өрт копсуздугу жана санитардык абалын текшеришти
Бүгүн, 1-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Өнөр жай ишмердүүлүк айыл чарба жана соода» боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары Гулмира Худайбердиева, Адиль Жоробаев , Түгөл Сейдалиев тиешелүү адистер менен биргеликте, белгиленген иш-мерчемге ылайык, борбордук базардын тамак –аш, өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшеришти.
Кыдыруу учурунда базардын ичиндеги айрым ашканалардын санитардык абалы талапка жооп бербегендиги жана тамак-аш коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы маалым болду. Эл өкүлдөрү кемчиликтерди жеринде жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды беришти. Ошондой эле базардагы санитардык абалга көзөмөл жүргүзүүчү санитардык дарыгердин укуктарын жана милдеттерин кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Мындан сырткары, өрт коопсуздугу сакталбай, жол тыгынын пайда кылып жаткан борбордук базардагы көйгөйлөрдөн арылуу үчүн жаңы муниципалдык базарга тез арада көчүрүү зарылдыгын айтышты.
Белгилей кетсек, алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз