30 январь 2024

Кароолор: (74)

Эл өкүлдөрү борбордук базардын тамак-аш, өрт коопсуздугуна жана санитардык абалына мониторинг жүргүзүштү

 Бүгүн, 30-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Өнөр жай ишмердүүлүк айыл чарба жана соода» боюнча туруктуу комиссиянын курамындагы депутаттар, Байгазы Эргешов, Зарылбек Салиев, Исламбек Келдибеков, Чолпон Айтиева, Мадина Эркулова , тиешелүү адистер менен биргеликте, белгиленген иш-мерчемге ылайык, борбордук базардын тамак –аш, өрт коопсуздугуна жана санитардык абалына мониторинг жүргүзүштү.

 Кыдыруу учурунда базардын ичиндеги айрым ашканалардын санитардык абалы талапка жооп бербегендиги, анда эмгектенген кызматкерлердин санитардык китепчелери жок экендигине күбө болушту. Ошондой эле тамак-аш, өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган 4 ашканага кемчилдиктерди жоюу боюнча жеринде тиешелүү тапшырмалар берилди.

Базардагы санитардык абалга көзөмөл жүргүзүүчү санитардык дарыгердин укуктарын жана милдеттерин кеңейтүү зарылдыгы кошумчаланды.

Мындан сырткары, жаан- чачын учурда базарда жарандар үчүн ыңгайсыздыктар жаралып жатканы да белгиленди.

 Борбордук базардагы мындай көйгөйлөрдөн арылуу, чачкынды соода жайларын иретке келтирүү боюнча "Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү" департаментине тиешелүү тапшырмалар берилип, жумуштардын аткарылышы чабал болуп жаткандыгы боюнча сын- пикирлер айтылды.

Андан соң комиссия курамы Курманбек 8 дарегинде жайгашкан муниципалдык базарда болушуп, соодагерлердин көйгөйлөрүн угушту. Учурда муниципалдык базарда соода жүрбөй жатканына күбө болгон эл өкүлдөрү маселени келерки сессияга алып чыгып, оң тарабына чечүү жолдорун кароону убадалашты.


 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз