11 октябрь 2023

Кароолор: (60)

Эл өкүлдөрү бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү улантышты

Эл өкүлдөрү бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү улантышты

 10-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин туруктуу комиссия курамынын төрайымы Нуржамал Сыргабаева баштаган эл өкүлдөрү тиешелүү адистер менен биргеликте, белгиленген иш-мерчемге ылайык, бала бакчалардын санитардык абалы, азык-түлүктөрдүн сакталуу нормалары, балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты жана кышка карата даярдыгы боюнча жеринде мониторинг жүргүзүүнү улантышты.

Кыдыруу учурунда отказандар жана жылытуу системаларынын абалы каралып, бакчалардын дээрлик 100 % кышка даяр экендиги белгилүү болду.

№19 “Коңгуроочо”, №17 “Каакым” жана №33 “Бермет” балдар бакчасында балдардын саны сыйымдуулукка караганда көп экендиги белгилүү болду.

Ал эми №10 “Барчын” балдар бакчасынын имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгы айтылды. №33 “Чабалекей” балдар бакчасынын эшик-терезелерин жаңылоо зарылдыгы белгиленсе, № 6 “Ак кайың” балдар бакчасында эмеректердин эскилиги жеткен. Ошондой эле №31 “Наристе” балдар бакчасында балдар ойноочу аянтча жаңыланууга муктаж болсо, № 22 “Алтын тепкич” балдар бакчасынын азык-түлүк сактоочу кампасынын жоктугу көйгөй жаратып жаткандыгын мекеме башчысы билдирди.

Эл өкүлдөрү айтылган көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлерди эске алып, маселени келерки сессияда кароону убадалашты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык балдар бакчасы болсо, аларда 4 миңден ашуун бала тарбияланат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз