28 март 2025
Кароолор: (85)
ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында эл аралык театр күнү белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Иш-чарада Гүлбарчын Таштанбекова театр кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чыгармачыл топтун эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле коомдун маданий аң-сезими театр аркылуу калыптанаарын кошумчалап, Таалайбек Тургунов баштаган театр кызматкерлерине Ардак грамота жана алкыш баракчаларды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарада аталган маданий мекеменин артисттери тарабынан "Траги-комедия" аталышындагы музыкалык комедиясы коюлду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз