24 февраль 2025
Кароолор: (109)
ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

21-февралда Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында эл аралык эне тил күнү белгиленди.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Толгонай Ахмедова, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, маданият кызматкерлери жана студенттер катышты.
Иш-чарада эне тил боюнча докладдар жасалып, этностордун өкүлдөрү эне тилдеринде ырларды жаңыртышты.
Белгилей кетсек, 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз