01 сентябрь 2025
Кароолор: (33)
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫНА КАРАТА ЖАРМАНКЕ БОЛУП ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында эгемендүүлүк майрамынын 34 жылдыгына карата жарманке болуп өттү. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жарманкенин жүрүшү менен таанышты.
Жарманкеге өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген өндүрүштүк ишканалардын продукциялары, кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук тамак-аштар коюлуп, 30 даана боз үй тигилди.
Жарманкенин алкагында мыкты боз үй, улуттук тамак аштар, улуттук каада-салттар боюнча сынактар өткөрүлүп, таңкы саат 9:00дөн баштап облустардан келген жана Жалал-Абад облустук филармониясы тарабынан концерттик программа тартууланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз