13 март 2025

Кароолор: (4)

ЭАУнун КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) күзгү студенттик спартакиада аягына чыкты. Бул күндөрү ЭАУда шаңдуу спорт майрамы болуп, командалар арасында кызуу атаандашуулар өкүм сүрүп, чыныгы командалык достук чыңалды. Жалпы командалык эсепте I орунду Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун студенттик курама командасы ээледи, II орунду – Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин командасы, III орунду – Гуманитардык-экономикалык колледждин командасы, IV орунду - Эл аралык медициналык колледжинин командасы. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары спартакиаданын кубогу, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. ЭАУ ректору э.и.д., проф. А.К. Кантөрөева спартакиаданы уюштурган дене тарбия жана спорт кафедрасына, анын башчысы доц. У.Б. Амиракуловго ыраазычылык билдирди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз