13 март 2025
Кароолор: (15)
ЭАУда ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өткөрүлдү. Машыгууларда кызматкерлердин жана студенттердин окуу жай имараттарынан, студенттик шаарчадан ыкчам эвакуацияланышы каралды. Эвакуация ректорат тарабынан уюштурулган жарандык коргонуу боюнча атайын топтордун көзөмөлүндө жана жардамында жүргүзүлдү. Машыгууларда кырсыктардан жапа чеккендерге биринчи медициналык жардам берүү аракеттери көрсөтүлдү. Аталган машыгуулар 5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдерин азайтуу күнүнө карата иш-чаралар алкагында өткөрүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз