13 март 2025
Кароолор: (16)
ЭАУда КЫРГЫЗ ТИЛИНИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАКАМЫН АЛГАНДЫГЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына карата “Кыргыз тили – кыргыз элинин улуу түшүнүгү!” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгы - өлкөбүз үчүн, тилибиз үчүн абдан маанилүү маареке! Майрамдык салтанатка Жалал-Абад щаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова катышып, майрамдык куттуктоосу менен бирге мамлекетибиздин, элибиздин, тилибиздин мындан ары да өсүп-өнүгүүсүн каалап кетти. Куттуктоодон кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн, кыргыз тилинин өнүгүүсүн чагылдырган видео көрсөтүүлөр берилип, кыргыз тарыхы жана тили боюнча сахналаштыруулар, “Манас” жана “Курманбек” дастандарынан үзүндүлөр, улуттук фольклордон ырлар, бийлер жана улуттук аспаптарда обондор тартууланып, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окуулар окулду. Салтанатты ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун дирекциясы жана кафедралары, “Филологиялык билим берүү” багыты боюнча “Кыргыз, түрк тилдери жана адабияты” адистигинин студенттери ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору менен биргеликте уюштурушту. Жалпысынан айтсак, ЭАУда Мамлекеттик тил күнү, анын 35 жылдык маарекеси татыктуу белгиленип, катышуучулардын жана меймандардын купулуна толду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз