26 сентябрь 2024
Кароолор: (24)
ЭАУда КЫРГЫЗ ТИЛИНИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАКАМЫН АЛГАНДЫГЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына карата “Кыргыз тили – кыргыз элинин улуу түшүнүгү!” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, студенттерди жана окуу жайдын эмгек жамаатын мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады.
Иш-чарада кыргыз тилинин өнүгүүсүн чагылдырган видеолор көрсөтүлүп, кыргыз тили боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр, “Манас” жана “Курманбек” дастандарынан үзүндүлөр, улуттук фольклордук ырлар, бийлер жана улуттук аспаптарда обондор тартууланып, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары көркөм окулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз