13 март 2025

Кароолор: (11)

ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ!

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) дене тарбия жана спорт кафедрасынын уюштуруусунда күзгү студенттик спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Спартакиаданын максаты: спорт аркылуу студент жаштар арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, республикалык деңгээлдеги спартакиадаларга жана универсиадаларга командаларды даярдоо. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча бир нече күн өткөрүлөт: волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу. Спартакиаданын ачылышында ЭАУнун ректораты спортсмен студенттерибизге спорттук ийгиликтерди жана командалык ынтымакты каалап кетти. Биздин спортсмен улан-кыздарыбызга мыкты спорттук ийгиликтерди каалайбыз!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз