13 март 2025

Кароолор: (67)

ЭАУда “БРЕЙН-РИНГ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жыйындар залында 17-ноябрь – Студенттердин Эл аралык күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында юридикалык кафедралар жана “Кыргызстан” интеллектуалдык клубу тарабынан уюштурулган "Брейн-ринг" аттуу интеллектуалдык оюн болуп өттү. "Брейн-ринг" интеллектуалдык оюнуна “Юриспруденция” багыты боюнча 8 студенттик команда катышты. Оюндун жүрүшүндө студенттер окуу жайында окуган сабактар боюнча жалпы теориялык билимдерин, ошондой эле өздөрүнүн дүйнө таанымын, эрудициясын жана, албетте, тамашага жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү. Оюнга университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн жумуш берүүчүлөрүнүн бири болгон Жалал – Абад областтык соту демөөрчү болду. Оюндун жыйынтыгы боюнча 1-орунду “Адилет”, 2 - орунду “Фемида”, 3-орунду “Мыйзам” командасы ээледи . Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана атайын сыйлыктар тапшырылды. "Брейн-ринг" интеллектуалдык оюну кызыктуу жана билим алуу мазмунунда пайдалуу болду. Оюндун демөөрчүлөрүнө жана уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз