13 март 2025

Кароолор: (5)

ЭАУда 1-КУРСТА БИЛИМ АЛГАНДАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ!

Студенттик турмуштун эң маанилүү жана биринчи майрамы – биринчи курстагыларга студент наамын ыйгаруу салтанаты! Жакшы салтты улантып, үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) 1-курста билим алган жаштарына студент наамын ыйгаруу салтанаты өткөрүлдү. 1-курс студенттерин алардын алгачкы студенттик майрамы менен ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева куттуктап, алардын өкүлдөрүнө символикалык студенттик билет, сынак китепчесин жана билим ачкычын тапшырды. Андан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору майрамдык концерт тартуулады. Концертте окуу жайдын мыкты ырчылары шаңдуу ырларды ырдап, бий топтору улуттук жана заманбап бийлерди бийлеп, тамашакөйлөр жана амалкөйлөр топтору учкул тамашаларды тартуулашты. Жалпысынан аталган салтанат жогорку уюшкандыкта жана окуу жайдын мыкты салттарында өткөрүлдү! ЭАУнун 1-курсунун студенттерин студент наамынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окуусунда ийгиликтерди каалайбыз!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз