21 ноябрь 2024

Кароолор: (235)

ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Россия Федерациясынын Казань шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта бел боо күрөшү боюнча ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды.

 Шаар мэринин орун басары спортчулардын жакындарына, машыктыруучуларына терең ыраазычылык билдирип, спортчулардын мындан ары да Кыргызстандын желегин бийик көтөрүштөрүнө тилектеш экендигин билдирди.

 Белгилей кетсек, Татарстандын Казань шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын катарында Жалал-Абад шаарынан 17 спортчу барып, Байтемир Акылбек уулу 68 кг салмакта 3-орунду, Феруза Курстанбек кызы 76 кг салмакта 2-орунду, Мырзайым Шайбекова 66 кг салмакта 3-орунду, Мадина Кожоярова 48 кг салмакта 2-орунду багындырып күмүш жана коло медалдарды багындырышкан.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз