17 октябрь 2023
Кароолор: (150)
Достук аймактык башкармалыгында жергиликтүү курултайга делегаттар шайланды

16-октябрда Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек кичи районунунун тургундарынын катышуусунда жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү. Жыйынды Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Гулмира Худайбердиева алып барды.
Анда 18-ноябрда Жалал-Абад шаарында өтүүчү курултайга аксакалдар, жарандык активисттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн сунушталган 5 делегат ачык добуш берүү менен шайланды.
Белгилей кетсек, шаардагы 5 аймактык башкармалыктын ар биринен жергиликтүү курултайга 40тан делегат шайланат. Алар жергиликтүү курултайда өздөрүнөн 2 делегатты Элдик курултайга шайлайт. Шайланган делегаттар шаардын орчундуу 3 маселесин биринчи Элдик курултайда көтөрөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз