27 октябрь 2025
Кароолор: (52)
ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВ "АЗАТТЫК" АЯНТЫНДА УЗААК СААТКА МАНАС АЙТУУСУН БАШТАДЫ
25-октябрда Манас шаарынын "Азаттык" аянтында белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков «Айкөл Манас — өчпөс ысым кылымдарга!» аттуу иш-чарасынын алкагында узак сааттар боюу "Манас" айтуусун баштады.
Иш-чаранын ачылуу аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов жана шаар тургундары катышты.
Шаар мэри: "Манас эпосу — бул биздин тарыхыбыздын терең тамыры. Ал биздин улутубуздун биримдигин, кайраттуулугун чагылдырган эпос. Бул эпос бизге өткөндүн сабактарын берсе, келечекке болгон жолду дагы ачып берет",‐ деп баса белгиледи. Ошондой эле, "Манас" айтуу өнөрү — бул жөн гана чыгармачылык эмес, бул — руханий кызмат, элге болгон таза сүйүүнүн, мекенчилдиктин жандуу мисалы экендигин кошумчалап, бул өнөрдү аркалап келе жаткан Дөөлөт Сыдыковго терең ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыковдун "Манас" айтуусу кечки саат 18:00гө чейин улана тургандыгы күтүлүүдө.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз









