11 июнь 2024

Кароолор: (8)

ДИНИЙ ОКУУ БОРБОРЛОРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ

ДИНИЙ ОКУУ БОРБОРЛОРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ

 Бүгүн, 11-июнда Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү. Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэриянын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия курамы тартылып ,санитардык абалы, коопсуздук жагдайлары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Рейд учурунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттосунан өтпөгөн, нормадан ашыкча көп сандагы балдарды бир бөлмөдө окутуп жаткан 1 диний окуу борбору аныкталып, жеринде Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин 142- беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, борбор убактылуу жабылды.

 Мындан сырткары, мечиттерге, диний окуу борборлорго коюлган талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча окуу борборду уюштурган жеке тараптарга эскертүүлөр берилди.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 42 мечит, 4 медресе, 1 диний окуу борбору бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз