05 март 2025

Кароолор: (95)

“ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИ ЖАНА ДИНИЙ БИРИКМЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ” ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарынын мэриясында "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча жыйын болуп өттү.

Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев жана билим берүү кызматкерлери катышты.

 Жыйында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана жаңы кабыл алынган мыйзам тууралуу маалымат берилип, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге окуучулар менен ата-энелерге түшүндүрүү иштерин алып баруусу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле туура эмес диний чакырыктарга азгырылбоо, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, мектеп окуучуларынын сабак учурунда жума намазга баруусу сыяктуу маселелер талкууланды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз