17 май 2025
Кароолор: (27)
ДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ИШ-КАГАЗДАРЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ТУУРА ЖАЗУУ БОЮНЧА ОКУТУУ БОЛУП ӨТТҮ

Жалала-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы аймактык башкы адиси Толгонай Ахмедова тарабынан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окутуу болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Адилет Камбаров, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин облустагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Мелисбек ажы Турганбаев жана жума мечиттердин имамдары катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын талаптарын түшүндүрүү, мамлекеттик тилдин сакталышын камсыздоо, диний уюмдардын мамлекеттик тилде иш жүргүзүүсүн жана көрнөк-жаранактардын мамлекеттик тилде жазылуусун камсыздоо болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз