28 июль 2023

Кароолор: (49)

Депутаттык комиссия шаар тургуну А.Абдуллажановдун арызын жеринде кароону улантты

26-июлда Жалал-Абад шаардык кеңешинин Өнөр жай ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комитетинин комиссия курамынын төрайымы Гүлмира Худайбердиева баштаган эл өкүлдөрү, Железнодорожный көчөсүнүн №76 үйүнүн жашоочусу А.Абдуллажановдун арызынын негизинде шаардын мэринин биринчи орун басары К.Иманалиев баштаган тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте көйгөйдү жеринен барып көрүштү.

Комиссия курамы барган учурда арыздануучу ал үйдө жашабай тургандыгы жана үйдү товар сактоочу кампа катары иштетип жаткандыгы маалым болду. Жагдайды аныктоо боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берилди.

Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысы Шерзад Мадумаров стратегиялык мааниге ээ темир жолго чыгып соода жүргүзгөн ишкерлер менен эч кандай ижара келишимдери түзүлбөгөндүгүн билдирди. Натыйжада өз билемдик менен соода күркөлөрүн куруп алган 50 гө жакын соодагерлер эч бир жерге ижара акы төлөбөй иштеп жаткандыгы маалым болду.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн адистери аталган маселе боюнча иш соттук кароодо экендигин айтып, маселе оң жагына чечилип калса, темир жолдун айланасы 10 метрге чейин тосулаарын белгилешти.

Тийиштүү кызматтар тарабынан кызыл сызыктан жолго чейин чыгып алган соодагерлерге жеринде проткол түзүлүп, эскертүүлөр берилди.

 Мындан сырткары, Железнодорожный көчөсүндөгү муниципалдык жерге баш-аламан соода кылган соодагерлердин күркөлөрүн 2023-жылдын 20-августуна чейин алдыруу тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин шаар тургуну А.Абдуллажанов ал жашап жаткан үйдүн айланасы мыйзамсыз соода күркөлөргө толуп, үйгө кирүүчү жол жабылып, тез жардам жана башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралып жаткандыгы боюнча шаардык кеңешке арыз менен кайрылган болчу.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз