25 июль 2023
Кароолор: (74)
Депутаттык комиссия шаар тургуну А.Абдуллажановдун арызын жеринде карады

Бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад шаардык кеңешинин Өнөр жай ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комитетинин комиссия курамынын төрайымы Гүлмира Худайбердиева баштаган эл өкүлдөрү, Железнодорожный көчөсүнүн № 76 үйүнүн жашоочусу А.Абдуллажановдун арызынын негизинде тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте көйгөйдү жеринен барып көрүштү.
Арызда аталган көчөнүн тургуну жашап жаткан үйдүн айланасы мыйзамсыз соода күркөлөргө толуп кеткендиктен, үйгө кирүүчү жол жабылып, тез жардам жана башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралып жаткандыгы айтылат.
Комиссия курамы жерине барган учурда А. Абдуллажановдун менчик үйүнүн айланасы соода күркөлөргө толуп кеткендиги маалым болду. Аталган көчөдө “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын поезд өтүүчү темир жолу бар. Бир топ жылдан бери поезд каттамы токтоп калгандыктан, темир жолдун айланасын жеке тараптар базарга айлантып алышкан. Аталган мекеменин жер адиси Эркинбек Жунусбаевдин маалыматына караганда бул маселе боюнча тиешелүү органдарга кат жөнөтүлүп, иш соттук кароодо турганын билдирди. Жакынкы күндөрү соттун чечими чыгып калса, мыйзамга ылайык темир жолдун эки тарабы 10 метрге чейин тосула тургандыгын кошумчалады.
Андан соң, комиссия курамы чукул жыйынга чогулушуп, бул маселе боюнча Керек –жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департементине, Муниципалдык менчик башкармалыгына жана Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тиешелүү тапшырмаларды беришти.
Комиссиянын отуруму 26-июлда улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз