15 февраль 2023
Кароолор: (30)
Депутаттар жаңы муниципалдык базарга барышты
Бүгүн , 14-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Курманбек көчөсү № 8 дарегинде жайгашкан жаңы муниципалдык базарга барышты.
Эл өкүлдөрү базардын иштөө тартибинен кабар алуу менен бирге базардын сыртында автоунаа токтотуучу жайга жеңил курулуш катары курулуп жаткан соода жайларына нааразы болушту.
“Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин” жетекчисине 25-февралга чейин соода жайларды буздуруу талабын коюшту.
Белгилей кетсек, аталган жаны муниципалдык базарда миңге жакын соода орундары бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз





