24 май 2023

Кароолор: (52)

Депутаттар Т.Тайгараев аймактык башкаруусундагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин натыйжалуу пайдаланылышы боюнча жеринде таанышып чыгышты

23-майда Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Гүлмира Худайбердиева баштаган депутаттар Т.Тайгараев аймактык башкаруусундагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин натыйжалуу пайдаланылышы, ижара акыларын жана келишимдерин тактоо, сугат каналдардын элди суу менен камсыздоонун абалы боюнча жеринде таанышып чыгышты.

Депуттарды мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана аталган аймактык башкаруунун башчысы Тунукбек Джээнбеков коштоп, керектүү маалыматтарды беришти.

Депутаттар келишимдин негизинде берилген жерлерди натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилешип, аткаруу бийлигине бир катар сунуштарды беришти.

Белгилей кетсек, Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында кайра бөлүштүрүү фондунун 162 гектар суугат, 21 гектар кайракы жери бар. Ал жерлер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө ижара берилип келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз