06 сентябрь 2023

Кароолор: (51)

Депутаттар шамалдан чатырынын бир бөлүгү учуп түшкөн муниципалдык базарга барышты

5-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджет комитетинин комиссия курамынын төрагасы Ахмед Абдыкаев баштаган эл өкүлдөрү жаңы муниципалдык базарга барышты. Алар, аталган базардын катуу шамалдан улам учуп түшкөн чатырынын абалын жеринен көрүштү. Белгилүү болгондой базардын 300 чарчы метр чатыры шамалга учкан.

Эл өкүлдөрү базардын чатырын жапкан “ТТиК” ЖЧКсына жана тийиштүү жетекчилерге 15-сентябрга чейин калыбына келтирүү тапшырмасын беришти.

 Эгерде, белгиленген мөөнөттө жумуш аткарылбаса, шаардык кеңеш тиешелүү органдарга укуктук баа берүү боюнча кайрылаарын белгилешти.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз