05 апрель 2023
Кароолор: (59)
Депутаттар борбордук базардагы эскертүү берилген коомдук тамактанчу жайлардын абалын кайрадан карап чыгышты

3-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Өнөр жай ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода» боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Гулмира Худайбердиева, Адиль Жоробаев, Назгүл Айдарова борбордук базардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалын, өрт коопсуздугун текшеришти. Аларды, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Керек - жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы Курманбек Исмаилов, тиешелүү адистер коштоп жүрдү.
Кыдыруу учурунда буга чейин эскертүү берилген 3 ашканада ремонт иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Ал эми айрым тамактануучу жайлар буга чейин айтылган кемчиликтерин жойгон эмес.
Талапка жооп бербеген тамактанчу жайларга санэпид көзөмөл кызматы тарабынан КРнын Укук бузуулар кодексинин 214-беренесинин 5 –пунктуна ылайык айып пул салынаары эскертилди.
Эл өкүлдөрү борбордук базардан кийин муниципалдык базардын ишмердүүлүгүнөн кабар алышты. Аталган базарда соодагерлердин аз санда болуп жаткандыгы айтылып, аткаруу бийлигине маршруттук каттамдарды жүргүзүүнү колго алуу үчүн протоколдук тапшырма беришти.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-февралында аталган депутаттык комиссия тарабынан борбордук жана муниципалдык базардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлгөн болчу .
Борбордук базарда 26 коомдук тамактанчу жай бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз