01 июнь 2023
Кароолор: (55)
Депутаттар балдарды майрамы менен куттуктады

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаттары шаардагы “Ак жол” комплекстүү реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдардын майрамы менен куттуктап, аталган борборго автоматтык кир жуучу машина, шириндиктерди жана оюнчуктарды белекке беришти.
Шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев: “Биздин келечек силердин колуңарда. Татыктуу тарбия менен эл керегине жараган уул-кыздардан болуп чоңоюшуңарга тилектешпиз”,- деген куттуктоосун айтып, депутаттар жана шаар бийлиги ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган борбордо учурда ата-энесинин кароосунан ажыраган 19 бала тарбияланат.
Андан соң эл өкүлдөрү Сузак районундагы 159 томолой жетим балдарга кийим-кече жана шириндиктерди тапшырып, майрамы менен куттуктап кайтышты.