07 июнь 2023
Кароолор: (46)
«Дени сак шаарлар» долбоорунун алкагында тегерек стол болуп өттү

Жалал-Абад шаардык мэриясынынын кичи жыйындар залында “Дени сак шаарлар” программасы боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчисинин орун басары Нуржамал Шейшеева, муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө аталган программанын алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилип, ден соолукту чыңдоо боюнча маселелер, мектеп жашындагы балдарга гигиеналык эрежелерди күчтөндүрүү жана алар үчүн талапка ылайык шарттарды түзүү, жаштар менен чоңдор арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, электрондук тамекилерди жаштардын колдонуусунун алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, аталган долбоор калктын ден соолугуна кам көрүү менен сергек жашоону калыптандыруу, туура тамактанууга жана активдүү жашоо образын түзүүнү көздөйт.