28 март 2025

Кароолор: (94)

ДЕНЕ-ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

27-март күнү, Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Жала-Абад облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, шаардык кеңештин депутаттары, спортчулар, машыктыруучулар жана шаар тургундары катышты.

 Иш-чарада шаар мэри спортчуларды жана машыктыруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгилик жараткан бир катар спортчулар менен машыктыруучуларга Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

 2024-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын спортчулары 84 республикалык, 38 эл аралык, 9 Азиялык жана Дүйнөлүк чемпионаттарга катышты. Жалпысынан шаардын спортчулары 188 байгелүү орунга ээ болуп, 51 алтын, 63 күмүш, 74 коло медаль тагынышты.

2024-жылы ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо үчүн 33 адамга шаар бюджетинен 2 млн. 634 миң сом акча каражаты бөлүндү.

 Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрелде дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз