28 июль 2023

Кароолор: (51)

Дем берүүчү гранттын эсебинен 6 социалдык объекти оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат

 Дем берүүчү гранттын эсебинен Жалал-Абад шаарындагы №16 “Ромашка” бала бакчасынын айнек-терезелери алмаштырылып, эки бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ал эми №8 “Теремок”, №19 “Колокольчик” бала бакчаларынын айнек-терезелерин алмаштырылып, №19 бала бакчанын азык-түлүк сактоочу кампасы оңдолуп жатат. Мындан сырткары №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айнек-терезелерин алмаштыруу, фасадын жаңылоо, №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана №8 мектептин имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары жүрүп жатат.

 Бүгүн, 26-июль күнү шаар мэринин орун басары Айбек Джолдошев аталган курулуштардын жүрүшү менен жеринде таанышып, куруучуларга жана тиешелүү адистерге курулуштун сапатына көңүл буруу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында дем берүүчү гранттын эсебинен 6 социалдык объектиде оңдоп-тузөө иштери жүрүп жатат. Курулуштардын сметалык баасы 19 млн. 704804 сомду түзөт. Анын 70%ы республикалык дем берүүчү гранттан болсо, калган 30%ы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз