02 ноябрь 2023
Кароолор: (66)
“Дарылар 15-20%га чейин арзан” -Жалал-Абад шаарында мамлекеттик дарыкана ачылды

1-ноябрда Жалал-Абад шаарында “Эл аман” аталышындагы биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды. Ага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов баштаган дарыгерлер жамааты катышты.
Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалардын ачылышы элди жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо көйгөйүн чече тургандыгын айтты.
Дарыкана облустук клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан. Мында зарыл болгон 800дөй дары-дармектер бар. Алдыда дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү каралууда.
Бул дарыканадан дарыларды менчик дарыканаларга салыштырмалуу 20%га чейин арзан алууга болот.
Кошумчалай кетсек, мындай мамлекеттик дарыкана бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн түштүгүндө 19 жайда ачылды. Алдыда өлкөнүн бардык район-шаарларында ачуу пландалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз