22 июнь 2023
Кароолор: (55)
Дадан Баев көчөсүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абад шаарынын Тукубай Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгындагы Дадан Баев көчөсүнө асфальт төшөлдү. Жолдун ачылуу аземине Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басары Айбек Джолдошев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчөнүн узундугу 1 чакырым, туурасы 5 метрди түзөт. Курулушка жергиликтүү бюджеттен акча каражаты жумшалып, асфальт төшөө жумушун Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгы жүргүзгөн.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында быйыл 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.