14 ноябрь 2024

Кароолор: (242)

ДАЧАДАГЫ 17 КӨЧӨГӨ ЭЛЕКТР МАМЫЧАЛАРЫ ОРНОТУЛУП ЖАТАТ

 Жалал-Абад шаарындагы Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу Дача участкасындагы жалпы 17 көчөгө 117 даана темир-бетон электр мамычасы орнотулууда.

 Белгилей кетсек, буга чейин шаар мэринин эл менен болгон жолугушууларында аталган аймактын жашоочулары тарабынан электр мамычалары боюнча көйгөйлөр айтылып келген. Шаар бийлиги элдин үнүн угуп, жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, учурда мэриянын коммуналдык мекеме-ишканалары жана Жалал-Абад шаардык электр тармактар ишканасынын көмөгү менен мамычаларды орнотуу иши жүрүп жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз